
Иллюстративдик сүрөт
Казакстандын калкы 1-июнга карата 20 576 миң адамды түздү, бул жыл башына салыштырганда 0,37% га көбөйдү, деп билдирди улуттук статистикалык бюро. Элдин санынын өсүшү өлкөнүн сегиз аймагында байкалса, биринде туруктуу деңгээл, калган аймактарда болсо калктын кыскаргандыгы белгиленди.
Калктын эң жогорку өсүшү Астанада (2,17%), Шымкентте (1,09%), Алматы облусунда (0,94%), Алматыда (0,78%) жана Мангистауу облусунда (0,54%) байкалууда. Ошол эле учурда, эң чоң кыскаруу Улытау (0,4%), Абай (0,36%), Түндүк Казакстан (0,33%), Жетысу (0,32%) жана Чыгыш Казакстан (0,28%) аймактарында катталды.