Мексиканын Юкатан штатында 6,0 магнитудасы менен жер титирөө болду. Титирөөнүн эпицентри Эль-Прогресо шаарынан 75 км түштүк-батышта, деңиздин 10 км тереңдигинде орун алган. Азырынча курмандыктар жана кыйроолор тууралуу маалымат келген жок.

Жакында Венесуэлада 24 жана 25-июнда болгон эки жер титирөө катталды. Бул окуялардын натыйжасында көптөгөн имараттар жабыркады. Мамлекеттеги кырдаалга жооп катары өзгөчө абал киргизилди, ал эми эң көп жабыркаган Ла-Гуайра штаты аскерлердин көзөмөлүнө өткөрүлдү.