2-августта 2026-жылы Ысык-Көлдө өтүүчү F1H2O Дүйнө чемпионатынын негизги сахнасында популярдуу балдар музыкалык долбоору D Billions чыгыш жасайт. Бул окуя чемпионаттын маданий-оюн-зоок программасынын бир бөлүгү болуп саналат.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын суу-моор спорт федерациясы мамлекеттик мекемелер жана Эл аралык суу-моор спорт союзунун (UIM) кызматташтыгы менен уюштурат.