Жүрөк хирургиясы институтунда жылына 400гө чейин татаал операциялар жүргүзүлөт - директор





Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиапроектинин алкагында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий-изилдөө институтун зыярат кылды. Визитинин жүрүшүндө ал балдар бөлүмүнүн иши менен таанышып, TAVI (транскатетердик аорталык клапанды имплантациялоо) операциясынан ийгиликтүү өткөн бейтап менен жолукту.