"Кыргызфильм" жана "Кыргызсериал" ЦА өлкөлөрүнүн кинофорумуна катышты


Алматы, Казакстанда РОСКИНОнун уюштуруусу менен, Россия Федерациясынын Маданият министрлигинин жана ТМД мамлекеттеринин Гуманитардык кызматташтык боюнча Эл аралык фондунун колдоосу менен "Центральная Азия+" кинофоруму өттү. Иш-чара ТМДнын 35 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп, бул анын региондогу маданий биримдик үчүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.