Кыргыз өкмөтү өлкөдө кара май базарындагы абалды турукташтыруу үчүн бир нече өлкө менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын жарыялады. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип, бул жааттагы соңку аракеттер тууралуу айтып берди.