


Бишкекте 2026-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасында Глобалдык билим берүү өнөктөштүгү тарабынан колдоого алынган өнөктөштүк келишиминин орто мөөнөттүү каралына даярдык боюнча Билим берүү боюнча Жергиликтүү топтун жыйыны өттү. Иш-чарага Билим берүү министрлигинин, Глобалдык өнөктөштүктүн катчылыгынын, жергиликтүү топтун жана эл аралык донорлордун өкүлдөрү катышты.
Орто мөөнөттүү карал билим берүү өнөктөштүк келишимин ишке ашырууда маанилүү этап болуп саналат. Анын негизги максаты - билим берүү реформаларындагы прогрессти баалоо, бар болгон көйгөйлөрдү аныктоо жана билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдарга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү.