









«Ала-Тоо» аянтында «Кыргыз тур – 2026» музыкалык долбоорунун финалдык концерти өттү. Бишкек шаардык мэриясы бул иш-чара көптөгөн көрүүчүлөрдү, жергиликтүү тургундарды жана борборго келген конокторду чогултканын билдирди. Сахнада белгилүү аткаруучулар Бегиш, Ulukmanapo, Freeman996, Баястан, Aftok, Era, 7Gen, KAIBAR жана башка көптөгөн артисттер чыгыш жасап, унутулгус концерттик программа жана майрамдык маанай түзүштү.
Бул окуя шаардагы маданий жашоодо маанилүү белги болуп, заманбап кыргыз музыкасынын күйөрмандарын бириктирди.