Орусия шаршембиге караган түнү Украинанын май куюучу жайларына соккуларды улантты. Днепропетровск облусунда эле беш жайга дүрмөт тийгенин, өрт тутанганын, бир аял каза таап, үч киши жарадар болгонун губернатор Александ Ганжа кабарлады.Орус Коргоо министрлиги бул украин армиясынын мунай иштетүүчү заводдорун аткылаганына жооп катары атайылап жасалган кампания экенин моюнга алды. 30-июнда мекеме украиналык 25 май куюучу жайга дрондордон сокку урганын, муну менен "украин армиясынын...