Кыргызстанда ушул жылдын биринчи кварталында (январь–март айлары) чет өлкөлөрдөн тартылган түз инвестициянын көлөмү 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34% жогорулап, 386,7 млн долларды түздү (2025-жылдын январь–март айларында 288,2 млн доллар болгон).Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кабарлады.Түз инвестициянын эң көп бөлүгү финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу секторуна туура келип - 93,6 млн долларды түздү. Андан кийин өнөр жай сектору турат...