Өзбекстандын калкы быйылкы жылдын 15-январына карай 39 млн 47 миң 321 киши болду. Эл каттоонун алдын ала маалыматы менен 30-июнда өлкөнүн Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бекзод Хамраев тааныштырды.Анын айтымында, калктын иш жүзүндөгү саны учурдагы ститистикалык көрсөткүчтөрдөн 810,6 миң кишиге же 2,1% көбүрөөк болуп чыкты. Ошол эсепте өлкөдө 38,24 млн киши жашап жатканы айтылган.Хамраев ишке жарамдуу чектен төмөн болгондор 12,5 млн кишини түзгөнүн, ишке жарамдуу жаштагылар 21,7...