Орусиялыктардын теңинен көбү (60%) өздөрү жашаган шаарда же аймакта экономикалык абал начарлап баратат деп эсептешет. Муну америкалык Gallup изилдөө компаниясынын быйыл марттан майга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоолору көрсөткөн. Gallup Орусияда 2006-жылдан бери изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Акыркысы ушул аралыктан берки экономикалык абалды төмөн баалаган эң чоң көрсөткүч болуп калды. Буга чейин коронавирус пандемиясы маалында, 2020-жылы сурамжылоого катышкандардын 45%, 2021-жылы 50% ушундай...