АКШнын Бишкектеги элчилигинде Кошмо Штаттардын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Иш-чараны АКШнын элчиси Лесли Вигери ачып, бул тарыхый күндүн маанисине токтолду. Ал 250 жыл мурун Американын негиздөөчүлөрү өтө чоң тобокелдикке барып, дүйнө тарыхын өзгөртчү иштерди жасаганын белгиледи:"Алардын кеменгерлиги келечекти көрө билгенинде болгон. Ошондуктан ийкемдүү жана бекем системаны кура алышты. Биз бүгүн бул системаны Кыргызстан менен бекем, эки тараптуу алака...