1-июлда Бишкекке экологияны сактоо жана жашылдандыруу боюнча акция өткөргөн экологиялык активист жана «Таза карма» фондунун негиздөөчүсү Андрей Панаев кайтып келди. Бул тууралуу борбордук муниципалитет маалымдады.
Панаев өзүнүн демилгеси учурунда Караколдон Бишкекке жөө жүрүп, чыршынын көчөтүн алып келди. Ал 9 күндүн ичинде 388 чакырым аралыкты басып өттү.