Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жыйноо кампаниясына активдүү даярданып жатат. Ведомство механизаторлордун келечектеги талаа иштерине техниканы оңдоп, даярдоого киришкенин билдирет.
Болжолдорго ылайык, 2026-жылы республикада дан эгиндеринин аянты 486 миң 90 гектарды түзөт. Жыйноо кампаниясын ийгиликтүү өткөрүү үчүн 1 миң 822 дан жыйноо комбайнын пайдалануу пландалууда, бул орто эсеп менен бир комбайнга 267 гектардан келет.