Токмокто укук коргоо органдары "Нарын шаурма" тез тамак кафесынын жанында болгон мушташтын беш катышуучусун аныкташты. Аларга коомдук тартипти бузгандыгы үчүн протоколдор түзүлдү.
Чүй облусунун ИИБинин маалыматы боюнча, окуя 2026-жылдын 1-июлунда, саат 01:22 чамасында, Ленин көчөсүндө жаштардын мушташы тууралуу видео социалдык тармактарда пайда болгондо катталган.