Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча сунушталган долбоор, “Э” жана “Е” тамгаларынын колдонулушу боюнча комментарий берди.Ал 2-июлда Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, бул боюнча Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштуулары жеке сунушун коомдук талкууга чыгарганын кошумчалады.“Белгилей кетүүчү жагдай, бул – жеке көз караш жана жеке демилге. Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч...