1-июлдун кечинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Арча Макс” конок үйүнүн короосун суу каптап, “Лукаморье” эс алуу жайынын имаратына сел кирген.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ысык-Көл облусу боюнча,куткаруучулар “Лукаморье” пансионатынан 24 адамды эвакуация кылып, жакын жайгашкан конок үйлөрүнө жайгаштырган.Ал эми Тору-Айгыр айылында 2-июлга караган түнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен суунун деңгээли көтөрүлүп, айылдагы бир көчөнү суу каптап, алты турак жайдын короосуна...