Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади АКШ менен кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумунда белгиленген шарттардын аткарылышына байкоо салуу үчүн жумуш топтору түзүлгөнүн билдирди. Дохада америкалык расмий адамдар менен түз эмес жолугушууларга катышкан дипломаттын айтымында, ал топтор тынчтык келишиминин долбоорун талкуулашат.Гарибабади тараптар ошол форматтагы алгачкы сүйлөшүүлөрдүн убактысын жана жерин аныктоо боюнча арачылар аркылуу консультацияларды жүргүзүп...