
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жума күнү өткөн жыйынында 23-августта өтө турган курултай депутаттарын шайлоонун календардык планын бекитти. Борбордук шайлоо комиссиясынын орун басары Мухтар Ерман талапкерлерди сунуштоо 2-июлдан башталып, 13-июлда саат 18:00гө чейин уланарын, ал эми партиялык тизмелердин каттоосу 23-июлда саат 18:00дө аяктарын билдирди.
Шайлоодон мурдагы үгүт 23-июлда саат 18:00дөн башталып, 22-августта түн ортосуна чейин уланат. Шайлоо участкаларынын чектери 16-июлга чейин жарыяланат, ал эми шайлоочулардын тизмелери 7-августтан баштап таанышуу үчүн жеткиликтүү болот.