Венесуэладагы жер титирөөлөрдүн курмандыктары 2295ке жетти, өлкөдө аза күтүү жарыяланды

Венесуэладагы жер титирөөлөрдүн натыйжасында 2295 адам каза болуп, 11,3 миң адам жаракат алды. Убакыттуу жайгаштыруу пункттарында 12,8 миң жабырлануучу бар. Бул тууралуу Улуттук ассамблеянын спикери Хорхе Родригес Ultimas Noticias маалыматтарына таянып билдирди.

1-июлдан баштап Венесуэла өкмөтү табигый кырсыктын курмандыктары үчүн жети күндүк аза күтүү жарыялады, деп билдирет VTV.