Эмгек министрлигинде коррупцияны алдын алуунун механизми катары цифрлаштыруу тууралуу айтып беришти

Цифрлаштыруу Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бардык иш чөйрөлөрүн камтыйт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбек маалымат жыйын учурунда билдирди. Ал бардык жөлөк пулдарды дайындоо, социалдык төлөмдөр жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процесстери азыр толугу менен электрондук форматта жүргүзүлөрүн белгиледи.

Орун басар министрдин айтымында, кызматтарды цифрдык форматка өткөрүү жарандар үчүн аларды алуу процессин кыйла тездетет, ошондой эле мыйзамдык талаптарга ылайыктыгын жана ачыктыкты камсыз кылат. Бул министрликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатпастан, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга да жардам берет, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. «Тундук» системасы колдонуучуларга документтерди онлайн режиминде тапшырууга жана керектүү кызматтарды жана төлөмдөрдү тез арада алууга мүмкүнчүлүк берет, убакытты жана күчтү үнөмдөйт.