
Бузуучулар лицензиядан ажыратылат
Кыргызстандын экономика жана коммерция министрлиги туроператорлор үчүн жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууну киргизүүнү сунуштады. Тийиштүү жобо коомдук талкууга коюлду.
Жаңы сунуш боюнча компаниялар ар бир туристти камсыздандырууга милдеттүү болот, бул камсыздандыруу уюмдары арасында финансылык тобокелдиктерди бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.
Ведомстводо учурда татаал издөө-куткаруу операциялары жана тоолуу аймактарда жабыркагандарды эвакуациялоо үчүн бардык чыгымдарды мамлекет көтөрөрүн белгилешет. Мындай кырдаалдын жаркын мисалы орус альпинисткасы Наталья Наговицинаны куткаруу үчүн жүргүзүлгөн масштабдуу жана кымбат операциялар болду. сунушталган өзгөртүүлөр мамлекеттик бюджетке финансылык жүктөмдү азайтууга багытталган.
Жобо камсыздандыруу компанияларынын жоопкерчилик лимиттерин туристтик маршруттун татаалдыгына жараша эки категорияга бөлүүнү камтыйт:
Традициялык туризм (экскурсиялар, пляждык эс алуу, дарылоо) — лимит 3 миллион сомду түзөт;
Экстремалдуу туризм (альпинизм, рафтинг, тоо лыжасы, трекинг) — лимит 5 миллион сомду түзөт. Экстремалдуу спорттун түрлөрү үчүн камсыздандыруу издөө жана куткаруу иш-чараларына минимум үч күндүн чыгымдарын жабышы керек.
Адистердин эсептөөлөрүнө ылайык, бир күндүк камсыздандыруунун баасы 400–500 сомду түзөт, бул жалпы турдун баасына 3 миңден 10 миң сомго чейин кошумча чыгымдарды алып келиши мүмкүн. Экономика министрлигинде бул, жалпы путевканын баасын болгону 1–2% га жогорулатат деп ишенишет. Договор түзүүдөн баш тарткан туроператорлор мамлекеттик реестрден чыгарылып, иш жүргүзүүгө тыюу салынат.
Сүрөт www