
Бишкекте 1-июлда мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин жетекчилиги астында президенттин алдындагы тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Жыйында «Кыргыздардын тарыхы» аттуу 16 томдук масштабдуу чыгарманын сегизинчи, тогузунчу жана онунчу томдорунун структурасы жана концептуалдык мазмуну талкууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө жооптуу редакторлор аталган томдордун структурасы жана концепциялары боюнча материалдарды сунушташты. Жыйналышка катышуучулар илимий мазмуну, камтылган тарыхый мезгилдер жана изилдөөнүн негизги багыттары менен, ошондой эле булактар базасы менен таанышышты.