Биринчи күнү «Бала ырысы» жөлөк пулуна 14 318 арыз катталды. Бул санга 13 782 арыз, же 96,2% жөлөк пулду алуу үчүн бекитилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, 12 205 арыз, же 89%, мобилдик тиркеме аркылуу электрондук форматта берилген. Калган 1 577 арыз (11%) кагаз түрүндө берилген.
«Тилекке каршы, 536 арыз (4%) бекитилген жок. Бекитилбеген арыздардын негизги себеби мамлекеттик маалымат системаларындагы маалыматтардын шайкеш келбегендиги», - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.