Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинде МСЭК системасындагы реформалар тууралуу айтып беришти

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбек пресс-конференцияда Медико-социалдык экспертиза комиссиясынын (МСЭК) ишмердүүлүгүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди. Бул өзгөртүүлөр комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган. МСЭКка байланыштуу маселелер коомчулукта активдүү талкууланууда жана актуалдуу бойдон калууда.

Министрликте Республикалык медико-социалдык экспертиза борбору жана 27 аймактык комиссия иштеп жатат. Бул байланышта МСЭК тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда. Министрдин орун басары реформалардын алкагында кызматтарды санариптештирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи, бул адам факторунун таасирин минималдаштырууга жана ички көзөмөлдү жогорулатууга мүмкүндүк берет.