Иссык-Куль облусунда 1-июндан 1-июлга чейинки мезгилде табигый ресурстар министрлигинин экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзам бузуулардын аныкталышы үчүн рейддерди өткөрүштү. Министрликтин басма сөз кызматы бул иш-чаралардын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө 78 административдик мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлгөн.
Салынган айыппулдардын суммасы 929 миң сомду түздү.