2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш ишинде айыпталуучулардын адвокаттары жарыш сөзүн сүйлөп бүтүп калды. Айыпталуучулардын бири Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Эмилбек Узакбаевдин жактоочусу Акынбек Ногоев гана сүйлөй электигин, андан кийин шектүүлөргө сөз берилерин айтты.Ал тергөөнүн материалдарында бир да далил жок экенин, сот актоо өкүмүн чыгарышы керек экенин билдирди. 29-июндагы соттук отурумда...