Башкы прокуратура Каракол шаарында мэрия сатып алган атайын техникалар боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында республикалык бюджеттен 329 миллион 700 миң сом бөлүнүп, ага 31 техника сатып алынганы такталган. Бирок алардын бир бөлүгү белгиленген ченемдерге жана техникалык талаптарга жооп бербей турганы такталган.Таштанды ташуучу беш машинеде, таштандыны өзү түшүрүүчү жүк ташуучу үч автоунаада жана жол...