Жогорку Кеңештин экс-спикери, “75чилердин каты” боюнча айып тагылган Нурланбек Тургунбек уулу бул иште шек саналып жаткандарды 9 жылдан абакка кесүү тууралуу прокурорлордун өтүнүчүнө комментарий берди. Ал 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кирип баратып “Азаттыктын” суроосуна “Бул абсурд. Сабыр кылып туралы көрөбүз. Аз эле калды го” деп жооп берди.29-июндагы соттук отурумда прокурорлор судьядан шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү сураган. Ушул күндөрү айыпталуучулардын адвокаттары...