Жалоболор МСЭК боюнча. Министрликте комиссиянын чечимдери Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына негизделгендигин түшүндүрүштү

Медициналык-социалдык экспертиза комиссиясы (МСЭК) жарандарды тек гана Саламаттык сактоо министрлигинен келген документтердин негизинде текшерет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбек «Кабар» агенттигине комментарий берип билдирди.

Кээ бир жарандар мурда медициналык-социалдык экспертиза өткөрүү жана майыптыгын аныктоо учурунда пайда болгон кыйынчылыктар боюнча нааразычылыктарын билдиришкен. Ошондуктан, министрдин орун басары МСЭКтин иштөө тартибин түшүндүрдү.