Кыргызстанда медициналык-социалдык экспертизаны (МСЭК) толук цифралык форматка өткөрүү аяктады. Бул маалыматты өлкөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.

Эми медициналык мекемелер бардык зарыл документтерди МСЭКке болгону электрондук форматта жиберишет, ал эми майыптуулук берилгендиги тууралуу маалыматтар автоматтык түрдө «Тундук» мамлекеттик системасына келип түшөт.