Кыргызстанда инвалиддуулук белгилөө процесси толугу менен санариптештирилди - Мамат уулу Чынгызбек

Кыргызстанда жарандарды медициналык-социалдык экспертиза (МСЭК) системасында күбөлөндүрүү процессине толук санариптик өтүү аякталды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбек бул тууралуу маалымат жыйындын жүрүшүндө билдирди. Санариптештирүү көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга жана адам факторунун таасирин азайтууга мүмкүндүк берет.

Министрдин орун басарынын айтымында, акыркы эки жылда бардык процесстерди электрондук форматка өткөрүү боюнча маанилүү иштер жүргүзүлдү. Эми медициналык мекемелер МСЭКке керектүү документтерди санариптик түрдө жиберишет, ал эми инвалиддуулук тууралуу маалымкаттар «Тундук» системасында жеткиликтүү. Бул жаңылык иштин натыйжалуулугун жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.