







Кыргызстан делегациясы Нью-Йорктогу терроризмге каршы күрөшүү боюнча БУУнун Аптасына катышууда. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматы, ведомствонун кызматкерлери, анын ичинде орун басар төрага жана Антитеррордук борбордун директору Алишер Эрбаев, 29-30-июнь жана 1-2-июлда өткөн негизги иш-чараларга катышканын билдирет.
Конференциянын алкагында катышуучулар терроризмге каршы күрөшүүдө көп тараптуу мамилеге болгон глобалдык милдеттенмелерин кайрадан бекемдешти, региондук кызматташтыктын маанилүүлүгүн жана Глобалдык терроризмге каршы стратегиянын төрт негизги багытын ишке ашырууда мыкты тажрыйбаларды алмашуунун маанисин белгилешти.