10,8 млн сомдук участок мыйзамсыз приватташтырылган деп табылып, мамлекетке кайтарылды
Нарын облусунун Жумгаль районунда мамлекет мыйзамсыз жеке менчикке берилген жер участогун кайтарып алды. Бул тууралуу Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, 2020-жылы Чаек айылдык аймагынын чегинде жайгашкан 0,21 гектар жер участогу мыйзамдуу негиздерсиз жеке колго өткөрүлгөнү аныкталды.