Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Сирия жана Ирактан 2021-2025-жылдары Кыргызстандын 1100 жараны өлкөгө алынып келгенин билдирди. Бул тууралуу ал Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) терроризмге каршы күрөш боюнча төртүнчү жумалыгында сүйлөгөн сөзүндө айтканын “Ынтымак ордо” кабарлады.Расмий маалымат боюнча, 2021-жылы “Мээрим” гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан 79 бала мекенине кайтарылган. 2022-2024-жылдары “Айкөл” атайын операциясынын алты этабында Сириядагы...