Бишкекте мыйзамсыз наркотик жүгүртүүгө каршы кызматтын кызматкерлери, жашыруун жайлар аркылуу наркотик таратып жаткан эркекти кармашты. КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тергөө учурунда кармалган адам жашыруун жайлардын жайгашкан жерлерин көрсөткөн, ал жерлерден 1 кг 558 г афган гашиши алынган. Алынган наркотиктер соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлгөн.
Бул факт боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.