

Шанхай кызматташтык уюмунун Межбанкттык бирикмеси алкагында ААК «Элдик Банк» жана Кытайдын Өнүктүрүү Банкы 1 миллиард юань өлчөмүндөгү жаңы кредиттик келишимге кол коюшту. Бул кадам Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жана негизги долбоорлорду колдоого багытталган.
Келишимдин кол коюу аземине ААК «Элдик Банк» башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев жана Кытайдын Өнүктүрүү Банкынын президенти Тан Цзюн катышты.