Кыргызстандын Эмгек министрлиги 1966 номерине коррупция боюнча арыздарды кабыл алууну баштады

Ведомство жарандарды активдүүлүк көрсөтүүгө жана мыйзамсыз аракеттер тууралуу билдирүүгө чакырды



Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги калкка коррупция учурлары тууралуу билдирүү үчүн кайрылды. Бул үчүн ведомстводо 24 сааттык ишеним телефону — 1966 иштейт.


Министрликтен билдиришкендей, көлеңкөдөгү схемаларга каршы күрөшүү мамлекет менен коомдун активдүү кызматташтыгы аркылуу гана мүмкүн. Жарандардын колдоосу жана алардын активдүү позициясы мыйзам бузууга каршы күрөштө маанилүү роль ойнойт.


«Биз укук коргоо органдары менен кызматташтырууну улантуудабыз. Биздин негизги милдет — санариптик технологияларды киргизүү, ички аудитти жакшыртуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессин оптимизациялоо, адам факторунун таасирин минималдаштыруу», — деп кошумчалашты Эмгек министрлигинин өкүлдөрү.


Эскерте кетсек, 1966 ишеним телефону өлкө боюнча бардык мобилдик жана стационардык телефондордон чалууга жеткиликтүү. Бардык билдирүүлөр тиешелүү көзөмөл бөлүмдөрүнө тез арада жооп берүү үчүн жөнөтүлөт.


Сүрөт www