

Шанхай кызматташтык уюмунун Межбанкттык бирикмеси алкагында «Элдик Банк» ААК жана Кытайдын Өнүктүрүү Банкы 1 миллиард юань суммасындагы кредиттик келишимге кол коюшту. Бул документ Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана маанилүү долбоорлорду колдоо максатында түзүлгөн.
Келишимге кол коюу аземи «Элдик Банк» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы Уланбек Ногаев жана Кытайдын Өнүктүрүү Банкынын Президенти Тан Цзюнь катышуусунда өттү.