Бүгүн, 2-июлда, саат 13:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш эскертүү берди. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкек жана Чүй өрөөнүндө жакынкы үч сааттын ичинде, саат 16:00гө чейин, чыгыштан батышка карай 15-20 метр секундга чейин жеткен шамалдар күтүлүүдө, ошондой эле күндүн ичинде жана кечинде жамгырлуу жана грозалар болот.