2-июлда Бишкек шаардык соту саясатчы Мавлян Аскарбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокатынын арызын карап, аны эки айга камакка алуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.Бишкектин Ленин райондук соту 13-июнда Мавлян Аскарбековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган.Адвокаты Эрик Ирискулбековдун сөзүнө караганда, саясатчыга Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну)...