
Ош шаарында, Увам каналынын жээгинде, «Макском» соода борборуна жакын жерде жаңы заманбап сквер куруу пландалууда. Шаардын мэри Жанарбек Акаев бүгүнкү күндө бул коомдук мейкиндикти уюштуруучу аймакты текшерди.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, бул долбоор мамлекеттик-менчик өнөктөштүк алкагында ишке ашырылат. Сквер сууну коргоо зонасында жайгашкан бузулган үйлөрдүн ордунда болот жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу эс алуу жери болуп калат.