Тюп районунда мамлекеттик жерлерди мыйзамсыз жеке колго берүү менен байланышкан мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча, баасы 11 миллион 559 миң сомду түзгөн участоктор мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Башкы прокуратуранын өкүлдөрү жер мыйзамдарын сактоо боюнча текшерүү учурунда 2010-жылы Балбай айылдык аймагында 5 гектар аянттагы жайыт максатындагы участок мыйзамсыз жеке менчикке берилгенин аныкташты.