

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок унаа жолунда, Чоң-Кемин дарыясынын суусунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу жамалган жолдун жабыркаган бөлүгүн калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Кыргызстан Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, трассанын 3-келометринин четинде унаа жолунун жээги суу астында калган.
Жолду пайдалануу боюнча №32 ишкананын адистери суу агымын өткөрүү жана бузулган участокту калыбына келтирүү менен активдүү алектенишүүдө. Жамалган бөлүктүн кесепеттерин жоюу үчүн эки жүктөгүч жана HOWO маркасындагы жүк ташуучу унаа ишке тартылган.