Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн жашыл энергетикасына арналган III Эл аралык академиктер форуму башталды. Бул иш-чара Кыргызстандын Энергетика министрлиги тарабынан уюштурулган. Форумдун алкагында «Таза энергия жана энергияны сактоо» аттуу кыргыз-кытай биргелешкен лабораториясы ачылды, ал «Бир пояс - бир жол» инициативасынын алкагында ишке ашырылууда. Ошондой эле, энергияны үнөмдөө жана энергияны сактоо технологиялары боюнча адистерди даярдоого багытталган «Цифрдык интеллект» демонстрациялык борбору ачылды.
Форумдун алкагында «ШКУга мүчө мамлекеттердеги жашыл энергетика: стратегиялар, жөнгө салуу жана келечек» аттуу басылманын презентациясы сунушталды.
Энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов Кыргызстандын ШКУ алкагында илимий кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ал биргелешкен лабораториялар жана инновациялык борборлорду түзүү энергетика секторунун практикалык өнүгүшүнө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана өлкөнүн кадрдык потенциалын жогорулатууга көмөктөшөөрүн айтты.
Форумдун негизги максаты ШКУ өлкөлөрүнүн илимий коомчулугун кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга жана энергетикалык трансформациянын актуалдуу багыттарын талкуулоого бириктирүү. Иш-чаранын катышуучулары бүгүнкү күндө таза энергетиканы өнүктүрүү экологиялык жактан гана эмес, энергетикалык коопсуздукту, экономикалык өсүүнү жана технологиялык прогрессти камсыз кылуу контекстинде да маанилүү экенин белгилешти.