
Медико-социалдык экспертиза комиссиясында (МСЭК) кадрлардын катастрофалык жетишсиздиги байкалууда. Бул тууралуу пресс-конференцияда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбек билдирди. Ал учурда бош вакансиялар бар экенин жана министрлик бул тармакта иштөөгө кызыкдар квалификациялуу адистерди жумушка алуу маселелерин карап чыгууга даяр экенин белгиледи.