2-июлда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов менен Германиянын Мекленбург – Передняя Померания федералдык жеринин Экономика, инфраструктура, туризм жана эмгек министрлигинин мамлекеттик катчысы Йохен Шульте арасында жолугушуу өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар эмгек рыногундагы мамлекеттик саясаттын негизги аспектилерин, ошондой эле эмгек миграциясы боюнча эки тараптуу жана эл аралык кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.

Эмгек миграциясын жөнгө салууда тажрыйба алмашууга, жумуш менен камсыздоону колдоого жана уюшкан жумушка орноштуруу механизмдерин өнүктүрүүгө көңүл бурулду. Тараптар социалдык-эмгек тармагын өнүктүрүүгө жана эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого кызыктар экендиктерин билдиришти.