Тагын бир жолу снос: Орто-Сайдын тургундары көчөнү кеңейтүүгө каршы
Орто-Сай айылында жергиликтүү тургундар Иманалиев көчөсүн реконструкциялоого каршы нааразычылык билдиришти. Алар жолдун кеңейиши жеке жер участкаларын алып салууга алып келерин айтышууда, ал эми компенсация боюнча эч кандай талкуулар өткөрүлгөн эмес.

Шаардык мэрия буга чейин аталган көчөдө боло турган иштерди бир нече жолу жарыялаган. Бирок тургундар долбоорго байланыштуу суроолорго ээ болушту. Алардын пикиринде, эки жол тилкеси, эки тротуар жана жаңы сугат системасы түзүлөт, бирок жергиликтүү тургундар көп жылдан бери күтүп жаткан борбордук канализация маселеси кайрадан чечилген жок. Анын ордуна жаңы магистралдык суу түтүгүн орнотуу пландалууда.


Айыл тургундары өткөндө ушундай эле кырдаалдар болгонун белгилешти — жолду капиталдык ремонттоодон кийин жакын арада асфальтты кайрадан ачууга туура келген.