Мэр Бишкек Айбек Джунушалиев муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен №2 деподо жолугушуу өткөрүп, жол кирени төлөөнүн безналичный системасын киргизүүнү талкуулады. Бул жаңылык транспорт кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Безналичный төлөөгө өтүү финансылык кирешелердин ачык-айкындуулугун жогорулатат жана коомдук транспортту пайдаланган адамдар үчүн жакшы шарттарды камсыз кылат. «Быйылкы жылдын апрель айынан тартып айдоочулардын эмгек акысы 33 пайызга көбөйтүлдү. Биздин милдет — жаңы окуу жылына чейин безналичный төлөө системасын толугу менен киргизүү. Бүгүнкү күндө 720 миңден ашык жүргүнчү безналичный төлөө ыкмаларын колдонушту», — деди мэр.